Финполдун кызматкерлери журналистке кол көтөрдүбү? (видео)

1114

Журналист Назира Кадыева Финансы полициясынын кызматкери жана бухгалтерине чара көрүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага, шаардык милицияга жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылды. Орган кызматкерлери менен алып баруучунун ортосунда чыр чатак жол кырсыктан кийин келип чыккан.

Назира Кадыева финансы полициясынын кызматкерлери бараткан автоунааны сүзүп алган. Ал баардык материалдык чыгымды төлөп берүүгө даярмын дегенине карабай, экинчи унаанын жүргүнчүлөрү күч колдонуп, муунтканын билдирүүдө. Журналисттин айтымында, алар кызматтык абалына таянып өз билгенин кылышкан.