Финполиция бир тууган Матраимовдорду калкалап жатабы? (видео)

631

«Бажагейт темасы, бажыгейтке айланды, Раим миллион эмес, Раим миллиард экен». Мындай сөздөр бул жумада көп колдонулду. Буга «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүндө ашкереленген чуулгандуу маалыматтар себеп болду.

Анда айтылгандарга ишенсек, мурдагы бийлик учурунда, 6 жыл ичинде чет өлкөгө 700 миллион доллар чыгарылыптыр. Акчанын бир бөлүгү бир нече банк аркылуу которулса, калганы баштыктарга оролуп накталай эле ташылган.

Каражат чет өлкөлүк жарандардын атына которулуп, кайра Кыргызстанга бир тууган Матраимовдорго таандык фондго жардам иретинде берилди деп көрсөтүлгөн. Мунун баарын тастыктаган документтердин түп нускалары да бар экен.