Финполиция декларацияда Матраимовго жана жубайына жазылган мүлктү жарыялады

735

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык компаниялардан 24 миллион 275 миң сом салык өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, Матраимовдор ээлик кылган 3 ачык акционердик коому текшерилип, андан 18 миллион сом салык өндүрүлгөн. Ал эми Райымбек Матраимовдун жубайы кызматташкан чет өлкөлүк компанияны текшерүүдө 6 миллион сомдон ашык каражат бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн.

Финполициясы учурда келтирилген башка да чыгымдарды кайтаруу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Финансы полициясы андан тышкары декларацияда Райымбек Матраимовго жана анын жубайына жазылган мүлктү жарыялады. Ага ылайык, Матраимовдун жубайына Ысык-Көлдөгү коттедж, «Лексус GX 460» үлгүсүндөгү автоунаа катталган. Мекеме Матраимовдун Бишкекте жана Ошто батирлери бар экенин аныктаган.

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.