Финполициясында тергөөчүлөр жетишпей жатат (видео)

1408

Коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан улам өлкө бюджетине 6 миллиард сомго жакын зыян келтирилип, анын 2,5 миллиардка жакыны кайтарылган. Бул тууралуу Координациялык кеңештин отурумунда айтылды. Учурда бул жаатта 1,5 миңге жакын кылмыш иши тергелип жатыптыр. Алардын жыйынтыгы менен да, бюджетке кайтарылган каражаттын көлөмү көбөйүшү мүмкүн экен.

Бирок ошол эле маалда жер-жерлерде коррупцияга малынган аткаминерлерге арыздангандардын саны арбып баратканы белгилүү болду. Ал эми финполициянын жетекчиси болсо жемкорлук боюнча иштер аябай көп болгондуктан, тергөөчүлөр жетишпей жатканын айтып чыкты.