Фитир-садака жардамга муктаж адамдарга таратылууда (видео)

1188

Рамазан айында 1 миллион 200 миң сом битир-садака топтолду. Чогулган каражат үч күндүн ичинде таратылып бүтөт. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жардамга муктаж 602 адамга битир-садака берилерин билдиришти. Алардын тизмеси келип түшкөн арыздардын негизинде түзүлгөн. Каттоо иштери 1 июндан 7 июнга чейин өткөрүлгөн. Биринчи кезекте, битир-садака жардамга өтө муктаж болгондорго берилмекчи. Рамазан учурунда чогулган акчанын 40 пайызы муфтиятка, 10 пайызы казыятка өткөрүлүп, 50 пайызы мечитте калып, муктаждарга таратылат. Ал эми жалпы өлкө боюнча мечиттерде бир жылда топтолгон каражаттардын суммасы 30 миллион сомго чейин жетет.