Форма №2 арызы бизнеске айландыбы? (видео)

2922

Шайлоого аттанган саясий партиялардан акча алган беш жаран жоопко тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Мыйзамга ылайык, партиядан материалдык баалуулук алган катардагы жаранга 1 миң, ал эми юридикалык жакка 5 миң сом айып салынат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө боюнча 7 миңге жакын жаран шайлоо участкасын бир нече жолу алмаштырганы аныкталды. Бир эле аял 21 ирет добуш берүү тилкесин алмаштыруу үчүн форма-2 арызын толтуруптур. Бул эмнеден кабар берет?