Форма №2 арызына байланыштуу 37 кылмыш иши козголгон (видео)

1651

Шайлоочуларды форма-2 арызы менен кабыл алуу кайрадан улантылып жатабы? Башкы прокуратура бул боюнча дагы деле билдирүүлөр түшүп жатканын маалымдады. Бирок бир дагы жаран арыз менен укук коргоо органдарына кайрыла элек.

Белгилүү болгондой, 19-сентябрда эле шайлоо дарегин алмаштыруу расмий түрдө токтотулган. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов берген маалымат боюнча, форма-2 арызына байланыштуу 37 кылмыш иши козголгон. Ал эми добуш сатып алуу боюнча катталган фактылар 40ка жеткен.