Форма-2 арызына байланыштуу 4 кылмыш иши козголду (видео)

2581

Форма-2 арызы боюнча 4 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Бирок арыздануулардын саны 139га жетет. Андыктан бул маселеге укук коргоо органдары жетиштүү көңүл бурбай жатат деген сын-пикирлер айтылууда.

Башкы прокуратура шайлоо дарегин өзгөрткөндөр жапырт катталган участкалык комиссияларды текшерүүдөн баш тартып койгон. Бүгүнкү күнгө карата форма-2 арызына байланыштуу күмөн ойлор күчөп, айрым адистер мындай жагдайдан чыгуунун жолдорун сунушташууда.