Форма-2. Кыңыр иштер ачыкталууда (видео)

3326

Өзүнүн кабары жок, бирок башка шайлоо тилкесине катталып калган жарандар. Барынан коркунучтуусу — тилкени алмаштырууда өздүк маалыматтар колдонулган. Дал ушундай 2 фактыны иликтөөгө Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги киришип, кылмыш иши козголду.

Анда электрондук түрдө арыз жазгандардын арасынан 2 шайлоочунун ордуна белгисиз жарандар форма-2 толтуруп, башка тилкеге которуп коюшкан. Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы шайлоочунун кабинети аркылуу 16135 адам катталган жеринен башка жактан добуш берүү үчүн форма 2 арызы менен кайрылган. БШК анын 14,5 миңдейин канаттандырган.