Франция БУУнун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылды

762

Франция Сириянын аймагында Түркия жүргүзүп жаткан аскерий аракеттер боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылды. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Ишембиде Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы сирия-түрк чек арасына жакын жайгашкан Африн аймагындагы күрт отряддарына каршы операциялар башталганын билдирген. 21-январда бул маалыматты Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым ырастап, операцияга авиация жана оор аскерий техника тартылганын кошумчалаган.

Түркия мындай аракет аймактагы абалды курчутушу мүмкүндүгү тууралуу АКШнын эскертүүсүнө карабастан бул кадамга барууда. Түркиянын Анадолу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, күрт отряддарына каршы операцияны Сириядагы оппозициялык «Эркин Сирия армиясы» тобу колдоодо.

Түркия күрт милициясын өлкөдө тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясы менен байланышы бар деп айыптоодо. Аталган партия 30 жылдан бери Түркиянын түштүк-чыгышында козголоң чыгарып келет. Күрт жумушчулар партиясы Түркияда, АКШда жана Европа биримдигинде террордук топ деп эсептелинет.