«Freedom House» НТСте түзүлгөн кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди

845

«Freedom House» эл аралык уюму НТС каналында түзүлгөн кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди. Аталган уюмдун Евразия программасынын директору Марк Брендт бул тууралуу билдирүү жасап, анда бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына карата кысым көрсөтүлүп жатканын белгилеген. Өзгөчө бул көрүнүштөр тиешелүү тараптарга сын айткандардын оозун жабуу аракети катары бааланып жатканы көрсөтүлүп, НТС телеканалынын мүлкүнүн камакка алынышын буга мисал катары келтирген.

«Freedom House» дүйнөдөгү адам укугу жана маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча жылына доклад жасап турат. Анын маалыматына жараша, өлкө канчалык деңгээлде эркин жана демократиялуу экени мерчемделет. Ошондой эле, кечээ «Human Rights Watch» эл аралык уюму НТС боюнча кырдаалды өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Аталган уюмдун Кыргызстан боюнча өкүлү Мира Ритман демократиялык коомдо маалымат булагынын ишмердүүлүгүнө бут тосууго жол жок экенин баса белгилеген.

Андан тышкары, бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары менен медиа өкүлчүлүктөр да НТСтин маселеси кандай, эмненин негизинде чечилерине кылдат көз салып жатышканын билдирген.