Фтизиатр, вирусолог, эпидемиолог адистери көздөн учту (видео)

4454

Өлкө боюнча учурда 3000 дарыгер жетишпейт. Айрыкча аймактардагы бейтапканалар фтизиатр, анестезиолог-реаниматолог, эпидемиолог, вирусолог адистерине муктаж. Ошондой эле тез жардам кызматкерлери дагы тартыш. Бишкек шаарындагы станцияда эле 89 орун бош турат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы ооруканалар 85 пайызга гана кызматкерлер менен камсыздалган. Анда иштегендердин 22 пайызы пенсия курагындагылар. Кадр тартыштыгы боюнча маселе качан чечилет?