Фучик эс алуу багында кинотеатр ачылат (видео)

726

Бишкектеги Фучик эс алуу багындагы кинотеатр мэрияга кайтарылды. Бул маселеге Жогорку сот чекит койду. Маалыматтарга караганда, кинотеатр жайгашкан жер 2013-жылы Ленин райондук сотунун чечими менен бир жарандын менчигине берилген. Былтыр декабрда иш кайра каралып, ушул эле райондук соттун башка судьясы биринчи чечимди жокко чыгарган. Буга макул болбогон экинчи тарап, Бишкек шаардык сотуна кайрылып, анын арызы четке кагылган соң, андан ары Жогорку сотко даттанган. Эми мэрия кинотеатрды кайтарып алган соң, аны оңдоп-түзөп көңүл ачуучу жайга айлантууну пландап жатат.