Футбол-2018: Финалда Франция менен Хорватия ойнойт

808

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Франция жана Хорватия курама командалары ойнойт. Беттеш 15-июлда Москвада өтөт.

Шаршембиде хорватиялык футболчулар кошумча берилген убакытта Англия курамасын 2:1 эсебинде утту.

Беттештин 5-мүнөтүндө Англия курамасынын коргоочусу Киран Триппьер айып соккусун мыкты аткарып, оюн эсебин ачты. 68-мүнөттө Хорватиянын жарым коргоочусу Иван Перишич эсепти теңеди.

Хорватиялыктарга жеңишти алып келген голду кошумча берилген 109-мүнөттө чабуулчу Марио Манджукич киргизди.

Бул Хорватиянын тарыхта алгачкы жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыгышы. Эми алар финалда Франция курамасы менен ойнойт. Шейшембиде Санкт-Петербургда өткөн беттеште франциялыктар Бельгияны 1:0 эсеби менен уткан.