Футбол беттешинде Кыргызстан Сирияны 2:1 эсеби менен утуп алды

836

Кечээ кечинде өткөн Кыргызстан менен Сириянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши 2:1 эсебенде, кыргыз футболчуларынын жеңиши менен аяктады.

Оюн Бишкектеги Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, анда биринчи таймда эсеп ачылган эмес. Беттештин экинчи бөлүгүндө Кыргызстандын жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбеков биринчи гол киргизди. Көп өтпөй сириялыктардын пайдасына пенальти дайындалып, эсеп 1:1 болгон. 85-мүнөттө жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев Кыргызстандын дагы бир голду киргизе алган.

Бул жолдоштук беттеш 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде боло турган Азия кубогунун оюндарына тандоо турунун алкагында өттү.