Футбол борборуна жер табылды (видео)

6730

10 миллион доллар грантка курула турган футбол борборуна жер тилке табылды. Кыргызстандын футбол федерациясынын маалыматына караганда, участок Чүй областынын Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүндө жайгашкан. Өткөн аптада Эл аралык футбол федерациясы Кыргызстанга 10 млн доллар болгону айтылган.

Эгер 31-декабрга чейин футбол борбору курула турган жер аныкталбаса, ФИФА акчаны башка өлкөгө багыттамак. Бирок айтылган сөздөрдүн баары документ менен ырасталган жок, дейт шаар мэри Азиз Суракматов.