Футбол боюнча Азия кубогу: 1/8 бөлүктөгү атаандаштар аныкталды

929

Бириккен Араб эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча биринчиликтин тайпалык оюндары аяктады. Акыркы тайпада Өзбекстан футболчулары Японияга 2:1 эсебинде утулуп калды. Буга карабай, эки команда тең кийинки финалдык бөлүккө жолдомо алышты. Бүгүн, эртең футболчулар үчүн эс алуу күнү.

Жекшембиден тарта, финалдын сегизден бир бөлүгү башталат. 20-январда Иордания – Вьетнам, Таиланд – Кытай, Иран – Оман, 21-январда Япония – Сауд Аравия, Австралия – Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстан, 22-январда Түштүк Корея – Бахрейн, Катар – Ирак командалары беттешет.

Бул оюндарда уткан командалар финалдын төрттөн бир бөлүгүнө өтүшөт. Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.