Футбол боюнча дүйнө чемпионатын — НТС көрсөтөт…

808

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалынын алгачкы оюну. Мыктылар иргелип, жарым финалда таймашуучу командалар анык болуп калды. 10-июлда Франция менен Бельгия, 11-июлда Хорватия менен Англия командалары күч сынашканы турат.

Бүгүн түнкү саат 12де, НТС-Спорт каналында Франция менен Бельгиянын курама командалары беттешет. Оюн Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Тактап кетсек, чейрек финалда француздар Уругвайдын курама командасын жеңген, ал эми Бельгия болсо Бразилиянын командасын уткан. Чемпионаттын финалы 15-июлда Москва шаарында өтөт.