Футбол боюнча дүйнө чемпионатын «НТС-Спорт» каналынан көрүңүздөр

934

Ушул күндөрү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан курама командалар келээрки жекшембиде Москвадагы Лужники стадионунда боло турган чечүүчү беттешке даярданып жатышат. Дүйнөлүк биринчиликтин алтын байгеси үчүн кечээ күнү Истрада машыгуу өткөргөн Франциянын курамасы жана Хорватия күрөшүшөт.

Хорваттар — бул жолку чемпионаттын сенсациясы, деп аталууда. Команданын башкы машыктыруучусу Златко Даличтин айтымында, анын футболчулары керемет оюн көрсөтүштү! Француздар менен болчу алдыдагы оюн тууралуу пикир бөлүштү. «Алар кантип чабуул жасашты дагы, кантип коргонуу керектигин дагы жакшы билишет. Француздар абдан кооптуу контр чабуул жасап, оюн талаасында өтө ылдам чуркашат. Андыктан биз абдан этият ойношубуз керек», дейт Хорватия курамасынын машыктыруучусу.

Балкан жарым аралында жайгашкан, калкы 4 миллион адамдар турган чакан өлкө тарыхта биринчи жолу футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Эртең ишембиде үчүнчү орун үчүн Англия менен Бельгиянын беттеши кечки саат 20.00дө болот. Ал эми дүйнөлүк мундиалдын башкы салгылашын 15-июлда саат 21.00 «НТС-Спорт» каналынан көрүңүздөр.