Футбол боюнча Дуйнө чемпионатынын кубогун Кыргызстанда алып келишет

1047

Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, аталган трофей 5-февраль күнү өлкөгө алып келинет. ФИФА кубогу ушуну менен төртүнчү жолу дүйнө кыдырып турне жасоодо.

Бул жолку саякат былтыр сентябрь айында Россиядан башталып, андан бери 4 континенттеги 50дөн ашык өлкөнү кыдырган. Футбол дүйнөсүндөгү негизги кубок Бишкек шаарында бир нече саатка коюлуп, андан соң Душанбе шаарына жөнөтүлөт.

ФИФА кубогунун салмагы 6 килограмм 142 грамм, ал таза алтындан жасалган. Ага колун тийгизип кармоо укугу футбол боюнча дүйнө чемпиондоруна жана мамлекет башчыларына гана берилген. Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты быйыл Россияда өтөт.