Футбол боюнча Кыргызстан менен Палестина курама командалары беттешет

927

Мелдеш Бишкектеги Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн саат 20:00дө башталат. Оюн келерки жылы боло турган Азия кубогуна тандоо турнирлеринин алкагында өтмөкчү.

Ага чейин Кыргызстан улуттук курама командасы дагы бир беттеш өткөрөт. Келерки матч 10-сентябрда өтүп, анда биздин футболчулар сириялыктар менен ойношот.

Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин эки оюнга тең 23 футболчуну киргизгени белгилүү болду. Бирок бул тизмеге күчтүү футболчу эсептелген Азамат Байматов менен жарым коргоочу Антон Землянухин кирген эмес.