Футбол боюнча улуттук курамасы мэрияга талап койду (видео)

3359

Футбол борборун куруу маселеси чечилбесе, Бишкекте оюн көрсөтпөйбүз. Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчулары дал ушундай чечимге келип, мэрияга талап коюп жатканын Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Ал арада, Бишкек шаардык кеңешинде Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси да талкууланып, бирок аягына чыкпай калды. Шаардык депутаттардын айтымында, суроо 26-декабрда өтүүчү отурумга калтырылган. Эгер маселе 31-декабрга чейин чечилбесе, ФИФА 10 миллион доллар грантты башка мамлекеттерге берет экен. Стадион курганга ордо калаада ылайыктуу жер барбы?