Футбол дарбазасы басып калган 11 жаштагы бала жалпы палатага которулду

1061

Учурда өспүрүм бардык дары-дармек менен камсыздалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Бул тууралуу дарыгерлер кабарлашты. Кырсык 6-сентябрда Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы мектептердин биринде дене тарбия сабагы учурунда болгон.

Маалыматтар боюнча, тыныгуу учурунда окуучулар футбол дарбазасынын үстүнө чыгып, аны кыймылдатышкан. Анын кесепетинен дарбаза 11 жаштагы баланы басып калган. Жаракат алган 5-класстын окуучусу №3 балдар ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийин нейрохирургия бөлүмүнө которулган.

Дарыгерлердин айтымында, баланын башы жарылып, ооруканага эсин жоготкон абалда алып келишкен. Азыркы тапта Бишкек шаардык милициясы окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.