Курал саткан дүкөндө эмне жарылган? (видео)

1394

Кийинки жылдын экинчи кварталынан тарта курал-жарак саткан бардык дүкөндөр текшерүүгө алынышы ыктымал. Тиешелүү демилгени Экотехинспекциясы көтөрүп чыкты. Буга өткөн ишемби күнү Бишкекте болгон кырсык негиз болууда. Анда курал-жарак саткан дүкөндөгү жарылуудан бир киши набыт болуп, материалдык чыгым 10 миллион сомго чукулдады.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар экспертизалар дайындалган. Алардын жыйынтыгы чыкмайынча жарылуу эмнеден улам келип чыкканын айтуу кыйын. Кырсыктан жабыркаган имаратты милиция күнү-түнү кайтарууга алууда. Ал эми бул багыттагы башка обьекттердин бир тобу жабык турат.