Футбол дарбазасы басып калган баланын абалы (видео)

877

Мектепте футбол дарбазасы басып калган окуучунун абалы турукташып калды. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кырсык 6-сентябрда Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы №96-мектепте, дене тарбия сабагы учурунда болгон.

Мектеп жетекчилиги билдиргендей, тыныгуу учурунда окуучулар футбол дарбазасынын үстүнө чыгып, аны кыймылдатышкан. Анын кесепетинен дарбаза 11 жаштагы баланы басып калган. Аталган факт боюнча жабырлануучу тарап арыз жазуудан баш тарткан.