Футбол федерациясы Александр Крестинин менен жаңы келишим түздү

838

Кыргызстандын Футбол федерациясы футбол боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин менен жаңы келишимге кол койду.

Жаңы келишимге жаңы шайланган федерациянын президенти Канатбек Маматов кол койду. Ага ылайык Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын 4 жыл машыктырып, кийин келишимди узартуу жөнүндө маселе эки тараптуу макулдашуунун негизинде чечилет.

Александр Крестинин улуттук кураманы 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна жана Дүйнө чемпионатынын тандоо айлампасынын оюндарына даярдайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.