Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматтан кетти

740

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал федерациянын расмий сайтына жазып чыкты.

Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы шайланган. Төрт жылдан кийин 2016-жылы ал бул кызматка экинчи ирет шайланып келген, бирок өзүнүн билдирүүсүндө кызматтан мөөнөтү бүткүчө эле кетип жатканын маалымдады.

Семетей Султанов аны кызматтан кетүүгө эч ким мажбурлабаганын жазган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.