Футбол: КР менен Палестинанын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады

884

Футбол боюнча Кыргызстан менен Палестинанын достук беттеши тең-тең эсеп менен аяктады. Оюн кечээ Бишкектин Долон Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн.

Матч башталаары менен кыргыз курама командасы өзүнүн активдүүлүгүн көргөзүп, биринчи мүнөттө эле Мирлан Мурзаев эсепти ачты. Андан кийин палестиналык футбочулар эсепти теңеди. Беттештин экинчи бөлүгүндө палестиналыктар чабуул жасашканы менен, эки тарап тең дарбазага топ киргизе алган жок. Ошону менен оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Кыргызстан-Палестина командаларынын мелдешин көрүүгө 6 миңге чукул адам келген. Эми биздин футболчулар 10-сентябрда Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн Бишкектеги стадиондо Сириянын курамасы менен жолугат.