Футбол стадионун куруу боюнча долбоорду толук өзү каржылоого даярлар бар

1054

Бишкек шаарында жаңы футбол стадионун курууга кызыкдар инвесторлордон сунуштарды кабыл алуу кечинде аяктайт. Бүгүнкү күнгө карата беш ишкерден кайрылуу түшкөн. Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, стадион куруу ниети бар экенин билдиргендердин арасында, долбоорду толук өзү каржылоого даярлар да чыгууда. Айрымдары жөн эле жардам берээрин айтышкан.

Буга чейин агенттик борбор калаага эл аралык футбол федерациясынын талаптарына жооп берген, заманбап стадион курууга катышууну каалаган инвесторлорду чакырган. Ишкерлер бүгүн кечки саат алтыга чейин өз сунуштарын бериши керек.

Кыргызстандын футболчулары быйыл Азия чемпионатына катышып, мыкты оюн көрсөткөндөн кийин Бишкекте стадион куруу маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Бул демилгени президент Сооронбай Жээнбеков дагы колдоп, өкмөткө тиешелүү сунуш берген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.