Футбол стадионун курууга кызыкдар инвесторлор – кимдер?

895

Бишкекте эл аралык талапка жооп берген футбол стадионун курууга кызыкдар инвесторлор тууралуу маалымат ачыкталбай жатат. Ишкерлерден сунуштарды кабыл алуу токтоду. Алдын ала маалыматтар боюнча, беш инвестор жаңы спорт аренасын куруу ниетин билдирген.

Спорт агенттиги каржы булактарын издеп жаткан маалда жеке архитекторлор стадиондун эскизин даярдап, эмгектерин коомчулукка жарыялашты. Алардын бири Рахатбек Байтелиевдин долбоору боюнча, спорт жайы 25 гектар жерди ээлеп, курулушу 30 миллион долларды талап кылат. Эң башкысы эскизде ФИФАнын баардык эрежелери эске алынган.