Футбол: Теракт коркунучунан улам Кыргызстан-Мьянма беттеши токтотулду (видео)

1216

Теракт коркунучунан улам, Кыргызстан-Мьянма футболдук беттеши болбой калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султанов кабарлады. Анын айтымында, мындай чечим улут аралык кастыкты болтурбоо жана массалык башаламандыкты алдын алуу максатында кабыл алынды. Белгилей кетсек, ушул күндөрү интернетте Мьянмадан келген футболдук командага каршы ар кандай чабуулдарды уюштуруу чакырыктары орун алган. Буга аталган өлкөдөгү буддалар менен мусулмандардын кагылышы себеп болууда. Эми Кыргызстандын футбол федерациясы Мьянманын спортчулары менен футболдук мелдешти башка аймакта өткөрүү аракетин көрүлүүдө. Антпесе биздин улуттук команда өтө оор санкцияларга кабылышы ыктымал.