Футболго байланыштуу Бишкекте бир нече көчөлөр жабылат

867

Кыргызстан менен Индия командаларынын беттеши саат 20.00 Долон Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат. Мындан улам, саат 17.00дөн 22.00гө чейин Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолуна чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсү Исановдон Панфилов көчөсүнө чейин жабык болот.

Бул оюн келерки жылкы Азия чемпионатына тандоо алкагында өтөт. Буга чейин Кыргызстандын командасы Мьянманын футболчуларын 5:1 эсебинде жеңип, 2019-жылы боло турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.