Гаага соту Младичти өмүр бою эркинен ажыратты

919

БУУнун мурдагы Югославиядагы аскердик кылмыштарды жазалоо боюнча эл аралык трибуналы Босния сербдеринин мурдагы аскер башчысы Ратко Младичке карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Сот Младичти айыптоонун 11 пунктунун 10ну боюнча, анын ичинде геноцид жана адамзатка каршы кылмыштарды жасоого күнөөлүү деп тапты.

Гаагада сот өкүмү окулуп жаткан маалда ачууга алдырып ызы-чуу чыгарган Младич сот залынан чыгарылган. Судья билдиргендей, «ал атайын бөлмөгө которулуп, өкүмдү ошол жактан уккан».

БУУнун судьясы Ратко Младич көптөгөн кылмыштарга, анын ичинде босния шаарлары менен айылдарындагы жай тургундарды өлтүрүү үчүн жоопкер экенин билдирди. Ал кылмыштардын эң белгилүүсү 1995-жылы жайында Сребреницада 8 миңдей босния мусулмандарын атуу жана Сараеваны дээрлик төрт жыл курчоого алып туруу окуялары эсептелет.

Эл аралык трибунал 1992-жылдын 12-майынан 1996-жылдын 8-ноябрына чейин Младич Сербия Республикасынын армиясынын эң жогорку кызматтагы өкүлү болуп, кол алдындагы бардык аскерлерди толук көзөмөлдөө мүмкүндүгүнө ээ болгон деген жыйынтыкка келди.

Младичтин иши боюнча прокуратура 28 миңге жакын далил материалдар менен күбөлөрдүн 410 көрсөтмөсүн чогулткан. Айыптоо тарап аны өмүр бою эркинен ажыратууну, коргоочулар актоону суранышкан.