Гараждарды түрттүрүү аракеттери жаңжал менен коштолду (видео)

818

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы унаа токтотуучу жайдын бирин гараждардан тазалоо аракети бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы жаңжалга алып келди. Жашоочулардын айтымында, гараждарды түрттүрүү — бардык деңгээлдеги соттор менен мыйзамсыз деп табылган. Свердлов райондук акимиятынын өкүлдөрүнүн айтымында, азыркы гараждардын ордуна жаңы жол түшөт. Ал эми соттун акыркы чечиминде талкашка түшкөн жер тилкеси «мындан ары тургундарга ижарага берилбейт» деп жазылган, дешет аткаминерлер. Жашоочулар болсо, бул жерге жол салынбай эле, соода жайы курулаарын айтып нааразы болушууда.