Гавайи архипелагындагы Килауэа жанар тоосу атылып жатат

689

Гавайи архипелагындагы Чоң аралда Килауэа жанар тоосу бир нече күндөн бери атылып жатат. АКШнын Геология институту кечээки жарылуу жаңы кооптуу баскычтын башталышы болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Тоонун айланасында жашаган эки миңден көп киши башка жактарга көчүрүлдү. Айрым жерлерде имараттар талкаланып калды, жолдордо чоң жаракалар кетти. Күл аралаш чаң айлананы каптады.