Газ менен иштей турган автобустар 29-апрелде каттамдарга кое берилет

754

Газ менен иштей турган автобустар Бишкек шаарынын күнүнө карата 29-апрелде каттамдарга кое берилет. Жаңы транспортторду президент Сооронбай Жээнбеков өзү көрүп чыгып, электрондук билет схемасы менен таанышып, автобустардын айдоочулары менен маектешти. Өлкө башчы муну менен кирешени көбөйтүп, борбордук автопарктта экологиялык жактан таза транспорттордун санын арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, бул чаралар өлкөдө экологиялык маселелерди чечүү жана шаар тургундарына жакшы шарттарды түзүү үчүн абдан маанилүү. Буга чейин эле мамлекет башчы айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген коомдук транспортторду алуу боюнча калаа жетекчилине тапшырма берген. Мындан улам жалаң газ менен жүрүүчү 60 автобус алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.