«Газпром» компаниясынан корпоративдик дем (видео)

626

«Газпром нефть» компаниясы Ысык-Көлдүн жээгинде 5 мамлекеттен 400дөн ашуун кызматкерин чогултуп, жайкы спартакиадасынын тандоо оюндарын өткөрдү. Компаниянын: Сербия, Казакстан, Россия, Тажикистан жана Беларустан келген кызматкерлери өз ара таймашып, мыктылыгын көрсөтүштү.

Ошондой эле, оюндан тышкары көчмөн кыргыздардын маданияты, салты менен жакындан таанышышты. Футбол, стритбол, волейбол, стол тенниси, сууга сүзүү, жеңил атлетика жана шахмат сыяктуу оюндун 7 түрү боюнча мыктылар аныкталып, сыйлыктар ыйгарылды.