Газпром КР: максат — жалпы шаардын газ системасын коопсуз кылуу! (видео)

1552

Ар бир үйгө жаратылыш газын жеткирүү менен бирге, жалпы шаардын газ системасын коопсуз кылуу! “Газпром Кыргызстан” компаниясы алдына ушундай максаттарды коюуда. Ишкана эки багытта тең иштеп жатат. Чүй областын жана баш калааны газ менен камсыздоо менен кошо, газ түтүктөрүн дагы реконструкциялоодо. Мисалы, Бишкек шаарындагы Лермонтов жана Фрунзе көчөлөрүндө ремонт иштери жүрүүдө. “Газпром Кыргызстан” компаниясы өткөн жылы орто жана төмөн басымдагы жалпы узундугу 27 чакырым болгон түтүктөрдү алмаштырды. Бул жылы 30 чакырым жаңыртылмакчы. Жалпысынан эскирип, колдонууга болбой калган 120 чакырым газ куурлары реконструкцияланат. Азырынча шаардыктарга бир аз ыңгайсыздыктар болушу мүмкүн. Бирок натыйжада, калк газ менен туруктуу камсыз болуп, жоготуулар максималдуу кыскарат.