Газпром Кыргызстан: Көгүлтүр оттун баасы мурдагы калыбында калат (видео)

1087

АКШ долларынын курсунун жогорулашы жана керектөөчүлөрдүн аздыгына карабай, “Газпром Кыргызстан” компаниясы көгүлтүр оттун баасын туруктуу абалда кармап турат. Жаратылыш газынын ташылып келгендеги менен өлкөдө сатылып жаткан баанын ортосундагы айырмачылыкты ишкана өз эсебинен жабууда.

Буга карабай жакынкы күндөрү “Газпром Кыргызстан” компаниясы сатыкка чыгарылган газдын көлөмүн көбөйтүүнү пландоодо. Ал эми тариф мурдагы калыбында калат.