«Газпром Кыргызстан» компаниясынын 5 жылдык иши (видео)

7919

Өлкөдө газ тармагы 5 жыл ичинде динамикалуу түрдө өнүктү. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилиги жасалган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Оңдоо жана капиталдык курулуш иштери боюнча жетекчинин орун басары Мурат Сулайманов 5 жыл ичинде компания алдыга коюлган тапшырманын баарын аткара алганын баса белгиледи. Өлкөнүн 32 пайызы газдаштырылган. Эми 10 жылда «Газпром Кыргызстан» компаниясы бул көрсөткүчтү эки эсеге жогорулатууну көздөп жатат.