«Газпром Кыргызстан» күз-кыш сезонуна даяр (видео)

682

«Газпром Кыргызстан» компаниясы өлкө тургундарын кыш-күз сезонунда көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга толук даяр. Мекеменин кесипкөй кызматкерлери ар кандай штаттан тышкаркы кырдаалдар болуп калса, бир нече мүнөткө жеткирбей ишти калыбына келтиришет.

Бул жаатта газдын сапатын жана курамын көзөмөлдөп туруу үчүн жаңы орнотулган заманбап диспетчердик жабдуулар жардамга келет.