«Гепатит А» илдетине байланыштуу абал кооптуубу? (видео)

1626

Кыргызстанда «Гепатит А» илдетине байланыштуу абал начарлаган жок. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Эскерте кетсек, кечээ интернет булактарында, Бишкекте сарык оорусу күч алгандыктан бала бакчалар жабылып жатканы тууралуу маалыматтар тарай баштаган. Бирок тиешелүү мекеменин адистери бул маалымат чындыкка коошпойт дешүүдө. Алардын маалыматы боюнча, сарык оорусу былтыркы жылга салыштырмалуу 38 пайызга аз катталган. Бирок ошол эле учурда, интернетте тараган маалыматтын да чындыгы бар деген пикирлер айтылууда. Ата-энелердин тынчсыздануусуна негиз барбы?