Гепатитке чалдыккандардын талабы (видео)

5896

Гепатит Б илдетине каршы эмдөө мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүшү керек. Дал ушундай демилгени дартка чалдыккан бир нече жаран көтөрүп чыкты. Аларга гепатит Б кан алмаштыруу учурунда жугуп калган. Алардын пикиринде, мындай илдетти башкаларга жуктуруп алуу коркунучу бар.

Өзгөчө аймактык ооруканаларда кооптуу жагдай түзүлгөн. Бирок Орулардын алдын-алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти мындай фактылар бар деген маалыматты четке кагууда. Ошондуктан бардык адамдар мамлекеттин эсебинен эмделиши керек деген пикирге кошулушпайт.