Гепатитке каршы калкты милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү керекпи? (видео)

767

Боордун оорусу гепатитке каршы калкты милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү керек. Муну бул дарттан жапа чеккен бейтаптар Саламаттыкты сактоо министрлигинен талап кылууда. Алар боордун өнөкөт ооруусуна кабылгандардын саны соңку жылдары көбөйүп кеткенин айтып жатышат. Айрыкча чоңдор арасында бул илдет жайылып барат, дешет алар.

Бул оору кан аркылуу жуккандыктан башкаларга жукпайт деп кепилдик эч ким бере албайт, дешет адистер. Мындан улам, эң ыңгайлуу жол — алдын алуу чараларын көрүп, вакцинациядан өткөрүү керек экен. Бирок Саламаттыкты сактоо минситрлиги чоңдорду эмдөө үчүн акча каражаты каралбаганын айтып келишет.