Германияда кыргыз-немис бизнес-форуму болуп өттү

1437

Германиянын Мюнхен шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен кыргыз-немис бизнес-форуму болуп өттү. Анда мамлекет башчысы сөз сүйлөп, эки өлкөнүн ишкерлери болсо өздөрүнүн ишканалары, өндүрүмдөрү менен тааныштырышты.

Бизнес-форумдун алкагында Кыргызстан менен Германиянын бизнес компаниялары ортосунда инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, тигүү өнөр жайы, билим берүү, энергетика, өнөр жай жана башка тармактарда кызматташууга байланыштуу эки тараптуу 11 документке кол коюлду.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бул форум эки тараптуу бир топ алгылыктуу иштерге жол ачарын белгилеп, Германиянын ишкерлер чөйрөсүнүн көңүлүн бурган бир топ пункттарды айтып өттү. Анда Кыргызстан географиялык жактан жагымдуу жайгашып, бай жаратылыш ресурстары жана тажрыйбалуу, арзан жумушчу күч сымал табигый артыкчылыктары бар экени айтылды.

Өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат түзүлүп, саясий жана макроэкономикалык туруктуулук бар экени белгиленди. Буга кошумча, чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарт түзгөн жагдайлар Кыргызстандын 2040-жылга чейинки узак мөөнөттү стратегиясына камтылган деди мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.