Германиядагы парламенттик шайлоодо Меркелдин партиясы жеңди

915

Германиядагы парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркель жетектеген Христиан-демократтар партиясы менен Бавариянын Христиан-социалдык партиясынын биримдиги жеңишке жетти. Болжолдуу расмий маалыматтарга ылайык, биримдикти шайлоочулардын 33 пайызы колдогон. Өз тарыхында партия мындан аз добушту 1949-жылы гана алган.

Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясы добуштардын 20 пайызына ээ болду. «Немис толкуну» кабарлагандай, бул социал-демократтардын тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчү болуп калды. Шульц партия оппозицияга кетерин жарыялады.

Шайлоочулардын добуштарынын 13,5 пайызына ээ болгон «Германия үчүн альтернатива» партиясы үчүнчү орун алып, тарыхында биринчи жолу парламентке өттү.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 75 пайызга жакыны катышты. Шайлоонун акыркы жыйынтыктары расмий түрдө болжол менен бир аптадан кийин жарыяланат.