Германиядан Чыңгыз Айтматовдун күйөрмандары келишти (видео)

651

«Чыңгыз Айтматовдун баскан жолу менен». Дал ушундай аталыштагы Германиядан атайын келген топ улуу жазуучунун Ата-Бейиттеги күмбөзүнө гүл коюшту. Буга чейин чет элден келген коноктор Таластын Шекер айылындагы жазуучунун үй музейине барышкан. Алдыда улуу жазуучунун үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушуу да пландалыптыр.

Германиядан келгендердин бары топто Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп, жазуучунун өмүр жолуна кызыккандар. Бул сапардын уюштуруучусу Ирмтрауд Гучке мындай маданий туризмди кийинки жылы дагы улантуу максаты бар экенин айтты.