«Гиннеске» кирем деп кыялданган «калькулятор-бала» (видео)

1137

«Калькулятор-бала» деген атка конгон Арсен Рахымбеков «Гиннестин» рекорддор китебине кирүүгө камынууда. Бул үчүн өспүрүм учурда жигердүү машыгып жатат.

Буга кошумча 13 жаштагы Арсен Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деп кыялданат. Оор эсепттерди 2-3 миллисекундада чыгарган баланын максаты орундала баштады десек болот. Анткени Арсен өзгөчө шыгы менен россиялык көрүүчүлөрдү таң калтырды.