Google сексуалдык асылуу айыбы менен 48 кызматкерин жумуштан кетирди

887

Google компаниясы эки жылда сексуалдык асылуу айыбы менен 48 кызматкерди жумуштан кетирди. Алардын арасында 13 топ-менеджер болгон. Бул тууралуу компания директору Сундар Пичаинин New York Times гезитине жолдогон катында айтылган.

Пичаинин катында Google өз кызматкерлеринин жумуш учурундагы коопсуздугуна өтө олуттуу карай турганы, адепсиз кылык-жоруктар тууралуу түшкөн ар бир арыз иликтенип чыгары айтылган. Ал сексуалдык асылууга айыпталып жумуштан бошотулган кызматкерлердин бири дагы компенсация албаганын баса белгилеген.

Буга чейин New York Times гезити Android операциялык системасын иштеп чыккан Энди Рубин сексуалдык жосунсуз жоруктары үчүн иштен кетип жатып, 90 миллион доллар алганын жазган. Рубин бул айыптоолорду четке кагып, ажырашуу алдында аялы ага жалган жалаа жапканын билдирген.