Грецияда нааразылык акциясына чыккандардын саны 140 миң адамга жетти

1026

Грециянын Афины шаарында Македония мамлекетинин аталышына каршы нааразылык акциясына чыккандардын саны 140 миң адамга жетти. Алар мурдагы Югослав республикасынын курамында болгон Македония Мамлекети аталышын өзгөртүүсүн талап кылышууда. Нааразылык акциясына чыккан гректердин айтымында, ал өлкөнүн Македония деген тарыхый аталыш менен эч кандай байланышы жок.

Илгери Грециянын Македония деген аталыштагы провинциясы болгон, дешет алар. Нааразычылык акциясына чыккандарды таратуу максатында полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ жана жарык берип үн чыгаруучу граната колдонушкан. Белгилей кетсек, бул чыр 1991-жылдан бери уланып, Грециянын бийлиги кошуна өлкөгө Македония атынын берилишине каршы чыгып келет. Мындан улам, бул өлкөдөгү бардык расмий документтерде Македония «Скопье» деп аталат.

Бул жаңжалда арачы болуу максатында Бириккен Улуттар Уюму «Жаңы Македония Республикасы» деген аталышты сунуштоодо.